Айыл Кенеш айыл аймагы Ош облусунун Ноокат шаарынын чыгыш жагында 12,5-15км аралыкта жайгашкан. Айыл аймак Исанов, Зулпуев, Кыргыз-Ата айыл аймактары менен чектешет жана жалпы аянты 121,15 м.кв. түзөт.
Айыл өкмөтү 1996-жылы түзүлүп, 5 айылдардан турган. Айылдары: Куу-Майдан, Шанкол, Арбын жана алыскы аймакта жайгашкан Чегеден, Ак-Терек айылдары. Чегенден, Ак-Терек айылдарынан башка айылдары, бири-биринен жакын орун алып, Ноокат-Көк-Бел жолунда жайгашкан. 2019-жылы үч калктуу конуш айыл статусун алып, Байыш, Батуу, Дары-Булак айылдары кошулду. Кенеш айыл аймагынын рельефинде адырлуу тоолор жана бийик, жапыс тоолор басымдуу ээлейт. Деңиз денгээлинен 1400 метр бийиктикте жайгашып, климаты континенттүү
Кеңеш айыл аймагындагы аба-ырайы континенталдуу, кышы өтө катуу эмес, орточо -20-25 градус суук болуп, 3,5-4 айга созулат. Жай мезгили ысык, кургакчыл келип орточо температура +20,+25градуска жетет. Орточо жамгырдын нормасы 270-300мм чейин болот, тоолуу аймакта 700мм жетиши мүмкүн.
Табигий шарты айыл чарба өсүмдүктөрүнүн көпчүлүк түрлөрүн өстүрүүгө ынгайлуу. өзгөчө картошка, жүгөрү, күздүк-жаздык буудай жана жашылча жемиштерди, мөмө берүүчү дарактардан алма, өрүк, алчадан жакшы түшүм алууга болот.
Аймакта 1 маданият үйү, 1 ҮБДТнун имараты, 5 орто мектептин жана 1 башталгыч мектептин имараты, 7 балдар бакчасынын имараты, 6 ФАП , 2 мончо, 3 спорттук зал, 18 дүкөн, 2- тегирмен, 1 устакана, 1 бассейин, 1кичи завод, 2 таш майдалоочу ишкана калкка кызмат көрсөтүүнү жүргүзүп келүүдө. Аймакта балдар бакчасына болгон муктаждыктар жылдан жылга өсүүдө. 2026-жылдын 1-январына карата жалпы болуп 17 225 адам, 2720 кожолук катталган, анын ичинен эркектер -8677, аялдар – 8828.
Кенеш айыл аймагында жалпы болуп 2 тегирмен, 1 устакана, 1 механикалык өнөркана, 2 май куючу жай, 1 кичи завод, 2 таш майдалоочу ишканалар, 18 соода түйүндөрү иштейт. Жалпы болуп жергиликтүү бюджеттин 10% ти ишкерлерден түшөт.
Кенеш айыл аймагынын 2026-жылга бюджети 32млн 525 мин 600 сомду түзөт, анын ичинен 7 млн.852 миң 600 сому республикалык бюджеттен келип түшөт.
Айыл өкмөтү дотацияда тургандыктан көптөгөн көйгөйлүү маселелери орун алган. Алардын ичинен айыл өкмөтүнүн мүмкүнчүлүгү жетпеген чоң көйгөйлөр бар атап айтчу болсок::
- Сугат суунун тартыштыгы.
- Балдар бакчаларынын жетишсиздиги
- Жумушсуздуктун көптүгү
- Жолдордун начардыгы
- Өнөр жайынын аздыгы
- Айыл аймагы боюнча электр мамылары союздун маалындагылар эскирип, чирий баштаган, элге кооптуулук жаратууда.
- Мектептердеги класстык кааналардын жетишсиздиги, жаңы стандарттагы мектептердин жоктугу.
- Жаш үй-бүлөлөргө үй салуу үчүн жер участогунун жоктугу.
- Айыл өкмөтүндөгү селге кооптуу участкаларды бекемдөө үчүн дамбаларды курууга бюджетинин тартыштыгы.
- Айыл аймагындагы врачтардын жетишсиздиги.