Кеңеш айыл өкмөтү

Жаңылыктар

8-март аялдардын эл аралык майрамына карата өткөрүлгөн иш-чаралар.

07.03.2026  17:34     Кароолор (4)

2026-жылдын 7-март күнү Кенеш айыл өкмөтүндө 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага ар түрдүү тармакта эмгектенген, баатыр энелер, ардактуу эс алуудагы аялдардардан, мугалим, медиктерден, жаш энелерден, үй кызматындагы аялдардан болуп баардыгы  70 аял чакырылды. Айыл өкмөт башчысы А.К.Абдылдаев, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.К.Исаев, аппарат кызматкерлери менен биргеликте аялдарды майрамы менен куттуктап, баалуу белектерди тапшырды. Аялдарга майрамдык маанай тартуулап маданият кызматкерлери майрамдык концерт тартуулашты. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн куттуктоосуна 5 аял, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин иш чарасына 3 аял барып катышып келишти.