Бүгүн 23-февраль күнү Ноокат райондук администрацисынын башчысы-аким Шейшеканов Данияр Турдубекович өзүнүн кол алдындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери менен Кеңеш айыл аймагынын тургундары менен жоолугушуу жыйынын өткөрдү. Жыйында айыл өкмөтүнүн башчысы Абдылдаев Аманилла Кудратиллаевич ооруп калгандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы аткарган иштеринин жыйынтыгы жана 2026-жылда аткара турган иштеринин планы жөнүндө айыл өкмөт башчысынын орун басар-жооптуу катчысы Исаев Жеңишбек Куламидинович маалымат берди. Жыйын суроо-жооп иретинде талкуу болду, айыл аймагында сугат суунун көйгөйү, мал базардагы шарттардын жоктугу, электр линияларынын эскиргендиги сыяктуу көйгөйлүү болгон маселелер айтылды. Аким айыл өкмөтүнүн аткарган иштери жана аткара турган иштери боюнча өзүнүн ой-пикирин билдирди жана бардык көйгөйлүү маселелер кезек-кезеги менен чечиле тургандыгын айтты. Жыйындын аягында айыл аймагынын социалдык-экономикалык өсүшүнө салым кошкон айыл тургундарына айыл өкмөтүнун ардак грамоталары тапшырылды.