Кеңеш айыл өкмөтү

Жаңылыктар

Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыялоо

11.04.2026  12:03     Кароолор (2)

Айыл аймагыбызды таза, көрктүү жана жашыл аймакка айландыруу максатында, ошондой эле калк арасында экологиялык маданиятты жогорулатуу, айлана-чөйрөнү коргоо багытында иштерди күчөтүү үчүн айыл өкмөтүнүн аймагында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча айыл өкмөтүндө  2026-жылдын 15-мартынан 15-майга чейин эки айлык жарыяланды.

Эки айлыктын алкагында төмөнкү иштерди жүргүзүү каралат:

  • Көчөлөрдү, коомдук жайларды, сейил бактарды тазалоо;
  • Дарак, көчөт, гүл отургузуу жана аларды багуу;
  • Сугат арыктарын, ирригациялык каналдарды тазалоо;
  • Мекеме-ишканалардын, соода түйүндөрүнүн айланасын ирээтке келтирүү;
  • Ар бир үй-бүлөнүн короосун, тосмолорун оңдоп-түздөө жана жашылдандыруу.

Бардык мекеме-уюмдардын жетекчилерин, жеке ишкерлерди жана айыл тургундарын эки айлыкка активдүү катышууга чакырабыз. Айылыбыздын тазалыгы жана көркү – ар бирибиздин жоопкерчилигибиз.

Биргелешкен аракет менен айылыбызды гүлдөгөн, таза жана көрктүү аймакка айлантабыз деп ишенебиз.