Кеңеш айыл аймагында айлана чөйрөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана ишембиликтерди өткөрүү максатында, 2026-жылдын 10-мартынан баштап 10-майына чейин Кеңеш айыл өкмөтүнүн аймагында чөйрөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча эки айлык жарыяланды. Кеңеш айыл аймагында 2026-жылдын 15-апрелине чейин Кеңеш айыл аймагында айлана чөйрөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана ишембиликтерди уюштуруу, дарактарды бутоо жана актап сырдоо, дарактарды бутоого, актап сырдоого, айлана чөйрөнү, жол бойлорун, мекеме-ишканалардын айланасын санитардык тазалоого басым жасалсын, айылдардагы негизги жана ички жол бойлорун, арык-каналдарды таштандыдан тазалоо, калктуу конуштардагы көчөлөрдү, короолорду тазалоо боюнча күчөтүлгөн ишембиликтерди өткөрүү айыл башчылар тарабынан колго алынууда. Жол боюндагы жана мекеме-ишканалардын кире беришиндеги эскилиги жеткен жана жазылыштары тил мыйзамынын талаптарына жооп бербеген көрнөк-жарнактарды иретке келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү жана көчөлөрдүн боюуна арча, туя көчөттөрүн эгүү иштери аткарылууда