Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Арбын айылындагы айыл өкмөтүнүн жана элдик демөөрчүлөрдүн эсебинен жаңыдан салынган Арбын спорт залында Улуу жеңиштин 80 жылдыгына жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Кудайбердиев Андардын жаркын элесине арналып спорттун эркин күрөш түрү боюнча мелдеш уюштурулду. Мелдешке Ош жана Баткен облустарындагы спорт клубдун балдары катышты. Жергиликтүү бюджеттен 20 000 сом демөөрчүлөрдөн 80 000 сом коротулуп иш чара өткөрүлдү. Иш-чарага айыл өкмөтүнүн башчысы Аманилла Абдылдаев, АК төрагасы Орозбек Абдырахманов, жеке ишкерлер, спорттун ардагерлери айыл тургундары катышты.