Элдик таланттарды элге чыгаруу максатында Кеңеш айыл өкмөтү менен Төөлөс айыл өкмөтүнүн ортосунда “Ыр-кесе” оюн-зоок программасы өткөрүлдү. Бул иш-чарага айыл өкмөт башчысы А.К.Абдылдаев өзү катышып, ыр-кесеге катышкандарга ыраазычылык билдирип, сыйлыктарды тапшырды. Ыр-кесе жогорку деңгээлде өтүп, Кеңеш айыл өкмөтүнөн барган таланттуулар өзгөчө таланттарын көргөзүшту. Маданият үйүнүн директору К.Тажибаевдин уюштуруучулук кесиптик деңгээли жогору болду.